Ысык-Көлдө мейманкананын курулушу боюнча 200 000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан курулуп жаткан объектилердеги иштер туруктуу негизде көзөмөлдөнүүдө.
Көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол шаарынын Масалиев көчөсү 122 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу мейманкананын курулушунда шаар куруу мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, курулуш-монтаждоо иштери макулдашылган долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болду. Бул шаар куруу мыйзамдарынын жана бекитилген долбоордук чечимдердин талаптарына ылайык келбейт.
Натыйжада, “Мега Прим” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Учурда аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык компанияларды курулуш мыйзам-ченемдерин жана техникалык талаптарды так сактоого чакырат.