М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунан келген дарыгерлер жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу максатында жарандарды медициналык кароодон өткөрүштү.
Текшерүү "Саламат жүрөк" программасынын алкагында Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунда өттү. Дарыгерлер кайрылган бейтаптарды салмагынан тартып текшерип, кандагы канттын деңгээлин, майлуулугун аныктап, ошондой эле боор ооруларына байланыштуу көрсөткүчтөрдү аныктоо үчүн атайын тесттерди жүргүзүштү. Ошондой эле ЭХО жана ЭКГ аппараттары аркылуу жүрөк ооруларына изилдөө жүргүзүштү.
Аталган борбордун консультативдик-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы Венера Ибраева текшерүү учурунда жогорку кан басымы жана жүрөктүн өнөкөт оорулары бар бейтаптар көп экени аныкталганын белгиледи. Мындан тышкары жүрөк ооруларынын алдын алуу боюнча кеп-кеңештер берилип, кошумча текшерүүдөн өтүү жана дарылануу үчүн бейтаптарга жолдомолор берилип жатканын кошумчалады.
25 кардиологдон турган топтун дагы бир бөлүгү облустагы жалпы дарыгерлер үчүн жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоо жана өз убагында дарылоо боюнча окууларды уюштурушту.

