Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелери жетекчиликке алынып Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Асаналиев Максат Кубатовичтин берген арызына ылайык кызматтан кетүүсү кабыл алынды.
Жогоруда көрсөтүлгөн арыз Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилди.