Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Асаналиев Максат Кубатович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Асаналиев Максат Кубатовичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.