КР ИИМ кызматкерлери жаңы атайын экипировка менен камсыз болушту
Новость

Бүгүн, 30-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү жана Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чынгыз Токтобековдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине жалпы баасы 2 миллион сомду түзгөн, жайкы жана кышкы мезгилдерге ылайыкталган 21 комплект атайын экипировканы тапшыруу аземи болуп өттү. 

Буга чейин КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ушул сыяктуу атайын экипировка жана керектүү жабдууларды сатып алган. Аталган жабдуулардын пайдалануу мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чынгыз Токтобеков тарабынан башкармалыкка керектүү атайын экипировканын жаңы партиясы тапшырылды.