Өзбекстандык Элдор Шомуродовдун голу Дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычынын эң мыкты голу деп табылды
Новость

Өзбекстандын улуттук курама командасынын капитаны Элдор Шомуродовдун голу 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычынын эң мыкты голу деп табылды. Бул тууралуу FIFA расмий сайтына жарыяланды. 

Дүйнө чемпионатына алгачкы жолу катышкан Өзбекстан курама командасы тайпалык баскычтагы оюндарда утулуп, плей-оффго чыга албай калышкан. Ошентсе да команданын капитаны Элдор Шомуродов жеке жетишкендиги менен айырмаланды.

"31 жаштагы чабуулчу Дүйнө чемпионаты башталар алдында ФИФАга берген маегинде  мелдеште "калыптанып калган түшүнүктөрдү өзгөрткүсү келерин" айткан. Ал бул максатына жетип, алгачкы добуш берүүдө дүйнөлүк жылдыздар - Лионель Месси жана Винисиус Жуниордон озуп кетти" деп айтылат маалыматта.

Шомуродов Атланта шаарында 28-июнда Конго ДР курама командасына каршы оюнда курч бурчтан киргизген голу үчүн добуштардын 36 пайызын алды.

Экинчи орунду Гаити курама командасынын оюнчусу Уилсон Исидор алса, үчүнчү орунга Босния жана Герцеговинанын футболчусу Керим Алайбегович жайгашты.