1-июлда Медицина кызматкерлеринин күнүн утурлай өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине 100 автоунаанын ачкычын тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктуу багыттары боюнча сөз сүйлөп, андан соң ведомствого ата мекендик өндүрүштөгү 100 жаңы кызматтык автоунаанын ачкычын тапшырды.
Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан дарыгерлерди, медайымдарды жана тармактын ардагерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, алардын асыл эмгегинин терең маанисин баса белгиледи.
"Мекендин эң чоң байлыгы – бул анын эли. Калктын ден соолугу бекем болсо, мамлекет чыңдалат, экономикасы өнүгөт жана келечекке ишеним артат. Дал ошондуктан жарандарыбыздын ден соолугу биз үчүн биринчи орунда турат. Биз саламаттыкты сактоого бөлүнгөн ар бир сомду чыгаша катары эмес, узак мөөнөттүү инвестиция катары карайбыз. Калктын жашоо сапаты жана адамдык капиталдын өнүгүшү түздөн-түз бул тармактын өсүшүнөн байланыштуу”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, акыркы жылдары байкалган туруктуу экономикалык өсүш мамлекетке социалдык тармакты, анын ичинде саламаттыкты сактоону каржылоону кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Ал конкреттүү цифраларды мисал келтирди: 2021-жылы саламаттыкты сактоо тармагынын бюджети 21,5 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы 2,4 эсеге өсүп, 52 миллиард сомго жеткен. Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта медицина кызматкерлеринин эмгек акысы дагы бир жолу көтөрүлүп, буга кошумча бюджеттен 18,5 миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи.
Ал өз сөзүндө республиканын бардык аймактарында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө басым жасады.
"Биздин негизги артыкчылыгыбыз туруктуу бойдон калышы керек: адам ири шаар борборундабы же эң алыскы бийик тоолуу айылдабы, мамлекеттин камкордугун бирдей деңгээлде сезиши керек. Ар бир жаран өз убагында, сапаттуу медициналык жардам алууга укуктуу", - деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
МинКаб Төрагасы белгилегендей, ата мекендик өндүрүштөгү автоунаалар аймактардагы медицина кызматкерлеринин мобилдүүлүгүн жогорулатып, бейтаптарга баруу убактысын кыйла кыскартып, жетүүгө кыйын аймактарда жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.
Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев дарыгерлерге, анын ичинде алыскы жана тоолуу райондордо иштеген дарыгерлерге кызматына берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, медицина тармагынын өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.


