Адылбек Касымалиев төраганын милдетин аткаруучу Максат Асаналиевди УКМКнын жамаатына тааныштырды
Новость

1-июлда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (КР УКМК) жеке курамына ведомствонун төрагасынын милдетин аткаруучу Максат Асаналиевди тааныштырды.

Адылбек Касымалиев Мамлекеттик комитеттин жетекчилигине жана кызматкерлерине кайрылып жатып, Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү чечимин окуп берип, жаңы жетекчинин алдында турган негизги мамлекеттик милдеттерди белгиледи.

Соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Максат Асаналиевге маанилүү кызматында ийгиликтерди каалап, КР УКМКнын өздүк курамы өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өз милдеттерин ар-намыс менен жана жогорку кесипкөйлүк менен аткараарына ишенээрин билдирди.

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн Максат Асаналиевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизилет.