Президент Садыр Жапаров Караколдун жол жана коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө арналган атайын техникаларды көрүп чыкты
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын жол, курулуш жана коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө арналган атайын техникалар менен таанышты.

Бул техникалар автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо, инфраструктуралык объектилерди куруу, коммуналдык иштерди жүргүзүү, шаарды көрктөндүрүү, ошондой эле атайын жана авариялык-куткаруу иштерин аткарууда колдонулат.

Президентке шаар ичиндеги жана эл аралык каттамдарды тейлөө үчүн алынган жаңы жүргүнчүлүк автобустар да көрсөтүлдү.

Учурда Каракол шаарында Каракол – Бишкек жана Каракол – Алматы багыттары боюнча каттаган 10 автобус пайдаланылууда. Мындан ары Кыргызстандын облустук борборлоруна, ошондой эле Астана жана Ташкент шаарларына туруктуу каттамдарды ачуу мерчемделип жатат.

Мындан тышкары, шаар ичиндеги каттамдарды тейлөө үчүн 18 автобус сатылып алынган. Жакынкы убакта дагы эки электробустун келиши күтүлүүдө. Бул автотехникалардын бардыгы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатылып алынган.

Жыл соңуна чейин демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен дагы 75 автобус сатып алуу пландалууда. Натыйжада автобустар паркы Каракол шаарынын 60 автобуска болгон муктаждыгын толук камсыздап, ошондой эле шаар четиндеги конуштар жана жакынкы айылдар менен транспорттук байланышты уюштурууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул максатта дагы 45 автобусту каттамга киргизүү пландалып жатат.

Белгиленгендей, бардык автобустар заманбап талаптарга жооп берип, видеокөзөмөл системалары, GPS-трекерлер жана кондиционерлер менен жабдылган.

Президентке жүргүнчүлүк автобустар, автокран, фронталдык жүктөгүчтөр, жол таптагыч, дөңгөлөктүү экскаваторлор, асфальт төшөөчү техника, автогрейдер, экскаватор-жүктөгүчтөр, таштанды ташуучу унаалар, суу ташуучу унаалар, ар кандай жүк көтөрүмдүүлүктөгү кран-манипуляторлор, автобетон аралаштыргычтар, ассенизатордук унаалар, жүк-жүргүнчүлүк өзү төгүүчү, жууп-тазалоочу атайын унаалар жана эвакуаторлор көрсөтүлдү.

Белгиленгендей, заманбап атайын техникаларды колдонуу курулуш, жол оңдоо жана коммуналдык иштердин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, муниципалдык кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча милдеттерди өз убагында аткарууга шарт түзөт.

Ошону менен катар техникаларды көрүү учурунда Мамлекет башчысына жеткирилген атайын техникалардын айрымдары, анын ичинде таштанды ташуучу унаалар, суу ташуучу унаалар жана эвакуаторлор зарыл болгон техникалык талаптарга жооп бербей турганы маалымдалды. Айрым техникаларда кайрадан сырдалган жерлер, кол менен ширетилген тетиктер жана башка өндүрүштүк кемчиликтер аныкталганы белгиленди.

Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров тиешелүү жооптуу кызматкерлерге жеткирүүчүлөргө карата зарыл чараларды көрүүнү, бекитилген техникалык талаптарга толук жооп берген жана заводдук шартта чыгарылган техникаларды жеткирүүнү камсыз кылууну, ошондой эле кабыл алынган продукциянын сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.