1-июль - Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлеринин күнү
Новость

Бүгүн, 1-июлда Мамлекеттик салык кызматында кесиптик майрамга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Салык кызматынын жетекчилиги, кызматкерлери жана салык төлөөчүлөр катышты.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын мамлекеттик бюджеттин туруктуу толукталышын камсыз кылуудагы, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү жана салыктык башкаруунун сапатын жогорулатуудагы маанилүү салымын белгиледи.

Ошондой эле ал салык төлөөчүлөрдүн ишенимин мындан ары да бекемдөө жана кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу негизги артыкчылыктардын бири экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында жогорку салыктык тартиби жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн мыкты салык төлөөчүлөр сыйланды.

Мындан тышкары, ак ниет эмгеги, кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын бир катар кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.