Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Сироко Мессерли жана Рюти Хирано менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда Ош менен Швейцария жана Япониянын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы, ошондой эле аны жаңы багыттар боюнча өнүктүрүү маселелери каралды.
Шаар башчысы Ош эл аралык өнөктөштүккө ачык экенин белгилеп, инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, санариптик трансформация жана жаштар саясаты боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле шаарда билим берүү, саламаттык сактоо, жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, жашыл аймактарды көбөйтүү жана шаардык чөйрөнү жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, алдыдагы артыкчылыктуу долбоорлор тааныштырылды.
Өз кезегинде элчилер жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туруктуу өнүгүү, заманбап шаардык башкаруу жана инфраструктураны жакшыртуу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда мэр Жанарбек Акаев Швейцария менен Япониянын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана аймактарды колдоого кошуп жаткан салымын жогору баалап, өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүк жаңы долбоорлор менен уланарына ишеним билдирди.


