"Түндүк" мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1-июлдан тартып кабыл алуу башталган жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик "Бала ырысы" жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу учурунда убактылуу техникалык мүчүлүштүктөр жаралганын маалымдайт.
Маалыматка караганда "Бала ырысы" жөлөк пулуна арыз берүү башталган биринчи күнү "Түндүк" порталына бир убакта 200 миңден ашуун кайрылуу түшүп, система ашыкча жүктөлгөндүктөн убактылуу үзгүлтүктөр жаралды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги техникалык көйгөйлөр убактылуу экенин билдирип, жарандардан кечирим сурады.
Министрликтен билдиришкендей учурда "Түндүк" порталынын оператору менен биргеликте системанын туруктуу ишин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. "Бала ырысы" жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу мөөнөт менен чектелбейт. Документтерди "Түндүк" порталы аркылуу же министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө барып тапшырууга болот.
Алдын ала эсеп боюнча, жөлөк пулду өлкөдө 3 жашка чейинки 440 миңден 470 миңге чейин бала алууга укуктуу. Июль айында берилген арыздар боюнча төлөмдөр 2026-жылдын август айынан тарта жүргүзүлө баштайт.