Кыргызстандын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин өлкөдөн өз ыктыяры менен айып пул төлөбөстөн чыгып кете алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул мөөнөттө өз ыктыяры менен кайрылгандар миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн административдик жоопкерчиликтен бошотулат, мамлекеттик алым төлөбөстөн чыгуу визасын тариздеп, өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгып кете алышат.
Бул мүмкүнчүлүктү төмөнкү адамдар пайдалана алышат:
- болуу мөөнөтүн бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
- визасынын же башка уруксат берүүчү документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен адамдар;
- Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүргөндүгүн тастыктоочу документтери жок адамдар.
Ошол эле учурда убактылуу тартип төмөнкү адамдарга жайылтылбайт:
- аларга карата кылмыш иши козголгон болсо;
- мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдери бар болсо;
- төлөнбөгөн айып пулдары же салыктык карыздары болсо;
- ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка категориядагы адамдарга.
Министрлик белгилегендей, бул тартип өлкөдө мыйзамдаштырууну карабайт, болгону мыйзам бузгандарга административдик жоопкерчилик колдонбостон өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. 31-июлдан кийин мыйзам бузуп жүргөндөргө мыйзамда каралган чаралар көрүлөт.