Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында "Кыргыз тарыхы" көп томдугунун кезектеги томдору талкууланды
Новость

2026-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрагасы Арслан Койчиевдин жетекчилиги алдында Комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйындын күн тартибине ылайык "Кыргыз тарыхы" аттуу 16 томдук фундаменталдуу академиялык басылманын 8-9-жана 10-томдорунун түзүмдөрү жана концептуалдык мазмуну каралды.

Жыйындын жүрүшүндө томдордун жооптуу редакторлору тарабынан сунушталган түзүмдөр менен концепциялар тааныштырылып, ар бир томдун илимий мазмуну, камтылуучу тарыхый мезгилдер, негизги багыттары жана пайдаланылуучу булактар боюнча маалымат берилди.

Комиссиянын мүчөлөрү сунушталган материалдардын негизинде кыргыз элинин тарыхын илимий негизде мезгилдештирүү маселелерин, айрым темалардын мазмундук камтылышын кеңейтүү, бөлүмдөрдүн түзүмүн өркүндөтүү, жаңы архивдик, археологиялык жана жазма булактарды кеңири пайдалануу, ошондой эле көп томдуктун бардык бөлүктөрүнүн ортосундагы концептуалдык жана логикалык биримдикти камсыз кылуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев фундаменталдуу көп томдукту даярдоо мамлекеттик маанидеги стратегиялык илимий долбоор экенин белгилеп, ага Өлкө башчысы тарабынан тиешелүү суммадагы каражат бөлүнгөнүн баса белгиледи. Ошону менен бирге Мамлекеттик катчы эмгектин мазмуну илимий тактыкка, тарыхый объективдүүлүккө жана академиялык сапаттын жогорку талаптарына жооп берүүгө тийиш экенине өзгөчө көңүл бурду. Ал эмгек кыргыз элинин тарыхын жаңы илимий деңгээлде системалаштырууга, улуттук тарых илимин өнүктүрүүгө жана тарыхый мурастын келечек муундарга так жана толук жеткирилишине кызмат кыларын белгиледи.

Жыйындын акырында Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен 8-9-жана 10-томдордун түзүмдөрүн жана концептуалдык мазмунун андан ары өркүндөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, "Кыргыз тарыхы" аттуу 16 томдук фундаменталдуу академиялык басылма Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен даярдалып жаткан улуттук маанидеги ири илимий долбоор болуп саналат. Долбоордун негизги максаты – кыргыз элинин тарыхын байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин заманбап илимий талаптардын негизинде комплекстүү, объективдүү жана системалуу чагылдырган академиялык эмгекти даярдоо болуп саналат.