Кара-Кулжа районунун Алайкуу аймагындагы Терек–Чаты-Терек жана Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолдору тазалоо иштеринен кийин бир тараптуу кыймыл үчүн ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Терек–Чаты-Терек автожолунун 10-чакырымына чейин сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин жыйынтыгында бул тилке аркылуу бир тараптуу каттам калыбына келтирилди.
Ошондой эле Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 107–115-чакырымдарындагы селдин кесепеттери жоюлуп, аталган тилкеде да бир тараптуу кыймыл камсыздалды.
Учурда жолдорду кеңейтүү жана толук калыбына келтирүү иштери уланууда. Тазалоо иштерин №26 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жүргүзүп жатышат.
Эске салсак, 1-июлда жааган нөшөрлүү жаандан улам Терек–Чаты-Терек унаа жолунун 10-чакырымында сел жүрүп, жол убактылуу жабылган болчу.
