Биринчи суткада "Бала ырысы" жөлөкпулуна жалпысынан 14 318 арыз келип түштү. Анын ичинен 13 782 арыз мамлекеттик жөлөкпул дайындоого кабыл алынып, бул жалпы арыздардын 96,2 пайызын түздү. Бул тууралуу эмгек министрлигинен билдиришти.
Арыздардын 12 205и (89%) жарандар тарабынан мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта берилип, кабыл алынды. Ал эми 1 577 арыз (11%) кагаз жүзүндө тапшырылды. Ошол эле учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жана «Түндүк» ААКнын кызматкерлери жарандарга мобилдик тиркеме аркылуу арыз берүүгө көмөк көрсөтүштү.
Тилекке каршы, 536 арыз (4%) кабыл алынган жок. Мунун негизги себептери мамлекеттик маалыматтык системалардагы жана мамлекеттик маалыматтык ресурстардагы маалыматтардын дал келбестиги болуп саналат.
«Бала ырысы» мамлекеттик ай сайынгы жөлөкпулун дайындоого арыздардын кабыл алынбай калышынын себептерин жоюу максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар жана техникалык операторлор менен биргеликте ыкчам иштерди жүргүзүүдө. Бул чаралар үч жашка чейинки балдардын «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөкпулуна тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылууга багытталган деп айтылат маалыматта.