КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы күрөш боюнча төртүнчү жумалыгында сөз сүйлөдү.
Баяндама “Куралдуу жаңжалдар болгон аймактардан кайтып келген адамдарды сот жообуна тартуу, реабилитациялоо жана коомго кайра интеграциялоо жаатындагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы” темасына арналды.
Өз сөзүндө Адилет Орозбеков Кыргызстанда согуш жүргөн аймактардан кайтарылган жарандарды реабилитациялоо жана коомго кайра интеграциялоо боюнча колдонулуп жаткан система тууралуу айтып берди.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстан репатриация улуттук программасынын алкагында ырааттуу иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Анын алкагында төмөнкү иштер аткарылган:
– “Мээрим” гуманитардык миссиясынын (2021-жыл) жүрүшүндө Ирактан 79 бала мекенине кайтарылган;
– “Айкөл” атайын операциясынын алты этабынын (2022-2024-жылдар) алкагында Сириядагы лагерлерден 470 адам, анын ичинде 150 аял жана 320 бала кайтарылган;
– 2024-2025-жылдардагы кошумча репатриация этаптарынын натыйжасында мекенине кайтарылган Кыргызстандын жарандарынын жалпы саны 551 адамга жеткен.
Адилет Орозбеков мамлекет балдардын кызыкчылыктарын коргоо принцибине өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, алардын келечекте коом тарабынан басмырлоого кабылбай, бардык укуктарга, эркиндиктерге жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, коомго ийгиликтүү аралашуусу үчүн шарттар түзүлүп жатканын айтты.
“Бул багыттагы иштер системалуу жана комплекстүү мүнөзгө ээ болушу керек. Ал саламаттыкты сактоо, социалдык, психологиялык жана теологиялык жардам көрсөтүү, жашоо деңгээлин жогорулатуу, жумуш менен камсыз кылуу, коомго интеграциялоо жана жеке коопсуздукту камсыздоо сыяктуу багыттарды камтууга тийиш”, – деп жыйынтыктады Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков.

