Кыргызстанда майыптыкты аныктоо процесси толугу менен санарип форматка өткөрүлдү
Новость

Кыргызстанда майыптыкты аныктоо процесси толугу менен санарип форматка өткөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Эми медициналык мекемелер эксперттик комиссияга бардык документтерди электрондук түрдө гана жөнөтүшөт. Ал эми майыптыкты аныктоо тууралуу маалыматтар автоматтык түрдө мамлекеттик "Түндүк" системасына интеграцияланат.

Мындан тышкары, мурда колдонулуп келген алты түрдөгү маалымкат оптималдаштырылып, эки бирдиктүү санарип маалымкатка бириктирилди. Бул бюрократиялык жол-жоболорду кыскартууга жана мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетүүгө мүмкүндүк берди.

Министрликтен белгилешкендей, санариптештирүү адам факторунун таасирин минималдаштырып, ортомчулук көрүнүштөрүн жоюуга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга шарт түзөт.