Нарын облусундагы медицина мекемелеринде 348 дарыгер эмгектенсе, алардын 8 пайызын гана жаштар түзөт. Ал эми 50 пайызы 60 жаштан жогоркулар. Бул тууралуу маалымат медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанатта айтылды.
Азыркы күндө облуста акушер-гинеколог, онколог, эндокринолог, педиатр, нарколог, үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар стоматологу сыяктуу 140 дарыгер жетишпейт.
Облус башчысы Нурбек Сатаров дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү үчүн жаш адистерди даярдоо максатында бүгүнкү күндө 42 студент максаттуу жолдомо менен билим алып жатканын айтты. Ошондой эле дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча дагы аракеттер көрүлүүдө.
Учурда облуста 45 ординатор –дарыгер жана “Жаш дарыгерлер депозити” программасы аркылуу 29 жаш дарыгер эмгектенүүдө.