Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси кызматынан бошотулду
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кушчубеков Талантбек Чоюбекович Кыргыз Республикасынын Венгриядагы жана Будапешт шаарындагы резиденциясы менен Словения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордунан бошотулду.