Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Абдылдаев Эрлан Бекешович Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордунан бошотулсун жана Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.