Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугуп, жол кирени накталай эмес төлөө тутумуна толук өтүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэрдин айтымында, ушул жылдын апрель айынан тартып айдоочулардын эмгек акысы 33 пайызга жогорулатылган. Ошондой эле жаңы окуу жылы башталганга чейин накталай эмес төлөм системасын толук ишке киргизүү милдети коюлган. Кечээ күнү эле 720 миңден ашуун жүргүнчү жол киресин накталай эмес ыкма менен төлөгөн.
Жолугушууда накталай эмес төлөмдөн түшкөн бардык каражаттар коомдук транспортту жаңылоого, тейлөөгө, айдоочулардын айлык акысын жогорулатууга жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалары айтылды.
Мындан тышкары, айдоочулар үчүн мурда колдонулуп келген план менен иштөө системасы жоюлуп, эмгек шарттарын адилеттүү уюштурууга шарт түзүлгөнү белгиленди.
Эске салсак, 1-июлдан тартып борбор калаада жол кирени төлөөнүн альтернативдүү системасына толук өтүү күчүнө кирди. Жүргүнчүлөр жол киресин "Тулпар" транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана "Элкарт" банктык карталары, QR-код жана башка электрондук төлөм сервистери аркылуу төлөй алышат. Бир жолку электрондук билет үчүн да QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.