Селден улам жабылган Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды
Новость

2-июлда саат 16:30 чамасында Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 106–110-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам тазалоо иштеринин натыйжасында аталган тилкеде бир тараптуу каттам калыбына келтирилди.

Мындан тышкары Терек - Чаты - Терек унаа жолунун 5-чакырымына чейинки тилкеде да сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Бул тилкеде тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.

Маалыматка ылайык, жолдорду тазалоо иштерин №26 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери ыкчам жүргүзүп жатышат.