Лейлекте жайыт жерин мыйзамсыз пайдаланган жаранга 84 миң сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Раззаков шаарынын тургуну өз алдынча короо куруу максатында 600 чарчы метр жайыт жердин кыртышын мыйзамсыз бузган.
Аталган мыйзам бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтомуна ылайык административдик протокол түзүлүп, жаранга 5 миң 500 сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, 600 чарчы метр жайыт жерге келтирилген зыян үчүн 84 миң 200 сом өлчөмүндө доо эсептелип, аны өндүрүү боюнча мыйзамда каралган чаралар көрүлүп жатат.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жарандарды жер мыйзамдарын так сактоого, жайыт жерлерин мыйзамсыз ээлеп албоого жана алардын кыртышын бузбоого чакырды.