Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү. Буга байланыштуу "Кыргызкөмүр" ишканасы билдирүү таратты.
Селдин кесепетинен жолдун 30–32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келип, Кара-Кече кенине алып баруучу жолдо бардык автотранспорт каражаттарынын кыймылы толугу менен токтотулду.
Мындан улам бардык жүк ташуучу жана жеңил автоунаалардын айдоочуларын, көмүр ташуучуларды, ишкерлерди жана жарандарды жол толук калыбына келтирилгенге чейин Кара-Кече кенине айдоочуларды барбоого чакырат.
Учурда "Кара-Кече" филиалы тез арада калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.