Бишкекте 3-июлдан тарта саат 23:00дөн баштап муниципалдык түнкү автобус каттамдары пилоттук режимде иштей баштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №56 багыттары боюнча алты каттам ишке киргизилет. Ар бир каттамда үчтөн автобус жүрөт.
Автобустар күн сайын саат 23:00дөн таңкы 05:00гө чейин бекитилген график боюнча каттайт.
Жол кире:
- Накталай эмес төлөмдө (банк картасы, транспорттук карта же QR-код аркылуу) — 70 сом.
- Накталай акча менен төлөгөндө — 90 сом.
Бул долбоор түнкү убакта шаар тургундары менен конокторунун коопсуз жана ыңгайлуу жүрүп-турушун камсыздоого багытталган.







