Кесиптик билим соттолгондордун коомго аралашуусуна өбөлгө түзүүдө
Новость

 Жаза өтөп жаткандардын 61и жаңы адистик боюнча кесиптик окуусун ийгиликтүү аяктап, сертификаттарга ээ болду.
Алардын ичинен 35 адам "официант-бариста", ал эми 26 адам "тигүүчү" адистиги боюнча билим алышкан.
Маалыматка ылайык, учурда түзөтүү мекемелеринде соттолгондор үчүн 23 багыт боюнча кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ал эми 2025–2026-окуу жылында өлкө боюнча түзөтүү мекемелеринде 722 адам кесиптик окууга кабыл алынган.

Мекеме мындай билим берүү программалары соттолгондордун коомго кайра аралашуусуна жана боштондукка чыккандан кийин жумуш табуусуна жардам берерин белгиледи.