Кочкор районунда сел тогуз көпүрөнү алып кетти
Новость

Акыркы эки күндөн бери жааган жамгырдан улам Кочкор районунда өзгөчө кырдаал катталып, сел суулары тогуз көпүрөнү алып кетти. 

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан алынган маалыматка таянсак,  куткаруучулардын жардамы менен Көл-Үкөк жайлоосунан 4 чет элдик турист жана 7 жергиликтүү балдар коопсуз аймакка чыгарылып, Кочкор айылына аман-эсен жеткирилди.

Учурда район аймагында сел жүрүү жана суу ташкындоо коркунучу бар тилкелерде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу иштери  жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу жарандарды  коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууга чакырып, сел жүрүү коркунучу бар аймактардан алыс болууну жана балдарды кароосуз калтырбоону өтүнөт.