Нарын шаарындагы М.Жусаев атындагы паркка бийиктиги 47 метрди түзгөн аттракцион орнотула баштады. Анын жалпы наркы 47 миллион сомду түзүп, мамлекеттик насыялоо каражатынын эсебинен Нарын шаардык мэриясы тарабынан коюлуп жатат.
Долбоордун наркы 500 миң АКШ долларды түзөт. Паркта спорт аянтчалары, балдар үчүн оюн зоналары, ачык асман алдындагы амфитеатр, жасалма көлмө, эс алуучуларга бир катар заманбап шарттар түзүлмөкчү.
Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев парктагы аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп, курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен долбоорду өз убагында сапаттуу аткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Келишим боюнча эс алуу жай толук оңдолуп ушул жылдын ноябрь-декабрь айында ишке берүү пландалган.

