ӨКМ: Боом капчыгайындагы унаа жолго түшкөн таштар тазаланууда
Новость

Боом капчыгайындагы унаа жолго түшкөн таштар тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМнын Ысык-Көл башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда 2026-жылдын 3 июль күнү эртең менен саат 7-8дер чамасында Бишкек -Торугарт - Нарын унаа жолунун 167-чакырымына таштар түшкөн.

Учурда жерине тазалоо ишин жүргүзүүгө Жол тейлөө мекемесинен 10 кызматкер, 1 фронталдык жүктөгүч, 1 манипулятор тартылган.

Унаалар кезеги менен өтүүдө. Жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.