Бишкекти жашылдандырууга багытталган 18 суу кудугунун долбоору иштелип чыкты
Новость

"Жашыл алкак. Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Бишкек шаарында курула турган 18 суу кудугу үчүн шаар куруу документтери даярдалды. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Документтерди министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы иштеп чыккан.

Маалыматка ылайык, шаар куруу корутундулары жана инженердик-техникалык шарттар 2026-жылдан тарта даярдалып, келечекте курула турган суу кудуктарын долбоорлоо жана куруу үчүн негиз болуп берет.

Суу кудуктары жашыл аймактарды сугарууга арналган. Алар борборлоштурулган суу менен камсыздоо тутумуна болгон жүктөмгө жана мезгилдик өзгөрүүлөргө карабастан, жашыл көчөттөрдү туруктуу суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Долбоор жашыл аянттардын көлөмүн көбөйтүүгө, борбор калаадагы экологиялык абалды жана абанын сапатын жакшыртууга, ошондой эле ыштын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын бул багыттагы иши шаардык инженердик инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүүнүн жана жашоого ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.