Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарынын аймагында 6 жаңы мектептин курулушун жүргүзүүдө. Алардын бири - Ж. Болотов атындагы №21 орто мектеп.
Долбоорго ылайык, мектеп 375 окуучулук орунга ылайыкталган. Комплекстин курамына заманбап үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы жана ашкана кирет. Имараттын жалпы аянты 2 478 чарчы метрди түзөт.
Учурда имараттын темир-бетон каркасы толугу менен бүткөрүлүп, жылытуу системасы орнотулган. Ошондой эле биринчи жана экинчи кабаттарда ички монтаждоо иштери жүргүзүлүп, терезелерди орнотуу уланууда.
Маалыматка караганда, объект пайдаланууга берилгенден кийин мектеп эки нөөмөттө 800гө жакын окуучуну кабыл ала алат.
Курулуш иштерин "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат. Ал эми курулуштун бардык этаптарындагы сапатты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай жана жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөйт.



