Бишкек шаарында жол катмарын капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу, 2026-жылдын 4–5-июль күндөрү Лев Толстой жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорт каражаттарынын кыймылы үчүн убактылуу чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылып, алдын ала каттамыңызды пландаштырууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.