Бишкек шаарында заманбап маданий борбордун курулушу уланууда
Новость

Бишкек шаарында заманбап маданий борбордун курулушу уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы бар заманбап үч кабаттуу имарат курулат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт.

Маданий борбордо 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театралдык класстар, 330 орундуу көргөзмө залы, фуд-корт, ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган көп функционалдуу мейкиндиктер каралган.

Бүгүнкү күндө имараттын жертөлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. Учурда биринчи кабаттын колонналарын орнотуу, кабат аралык жабууну бетондоо иштерине даярдык көрүү, ошондой эле курулуш аянтында топуракты кайра толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.