Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Ысык-Көл облусундагы “Тамчы”атайын финансылык инвестициялык аймагынын ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын урматтуу өкүлдөрү жана кымбаттуу өнөктөштөр!
Бүгүн касиеттүү көл кылаасынын жээгинде Кыргызстан үчүн дагы бир маанилүү окуяда кездешип олтурабыз.
Бир саамдан соң, биз сиздер менен өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнүн жаңы этабындагы негизги долбоорлордун бири – “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын салтанаттуу түрдө ачабыз.
Кудай буюрса, бул инвестициялык аймак региондук жана глобалдык деңгээлдеги экономикалык процесстер үчүн жаңы инвестициялык аянтча болуп берет.
Бул долбоор Бүткүл Кыргызстан үчүн түбөлүк кызмат кылган, ошол эле учурда өнөктөштөрүбүз үчүн өнүгүп-өсүүнүн ишенимдүү таянычы боло турган эң заманбап экономикалык платформа!
Ушундан улам баарыңыздарды “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын салтанаттуу ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу мекендештер!
Биз бул долбоорду беш жылдан бери дыкат талдап, бул багытта дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды иликтеп, аймакты мындан ары өнүктүрүү боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүп, ырааттуу жана олуттуу аракеттерибиздин натыйжасында ишке ашырып олтурабыз.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, эл аралык өнөктөштөр жана инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн соң, зарыл болгон мыйзамдар кабыл алынып, укуктук негиздер түзүлдү.
“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө мыйзам аркылуу аймактын макамы, анын укуктук негизи, иштөө тартиби, башкаруу органдары, жөнгө салуу, каттоо, лицензиялоо, талаштарды чечүү механизмдери жана катышуучулар үчүн кепилдиктер аныкталды.
Мына ушундай дыкат мамиле менен “Тамчы” инвестициялык аймагынын узакка иштөөсүнө, инвесторлордун ишеними менен бул долбоорго катышуучулардын бардыгынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган толук кандуу укуктук институт түзүлдү.
Мына ушул сыяктуу маанилүү институттарды ишке киргизүү менен мамлекетибиз инвестициялар, технологиялар, күчтүү компаниялар, кесипкөй кадрлар жана узак мөөнөттүү долбоорлор келе турган өлкөгө акырындап айланып келе жатат.
Бара-бара “Тамчы” атайын аймагы Борбор Азияда жаңы муундагы финансылык, инвестициялык жана инновациялык борбор катары калыптанып, келечекте дүйнөлүк инвестициялык картада татыктуу орун алат.
Мен Кыргызстан мүмкүнчүлүктөр ишке аша турган өлкө болоруна толук ишенем.
Алдын ала мерчемдөөлөргө ылайык, бул долбоор акырындык менен өнүгүү темпине чыгып, 2035-жылга чейин бул инвестициялык аймакта 3 900дөн ашуун резидент-компаниялар иштээри, 10 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлөрү күтүлүүдө.
Албетте, ири долбоордун мааниси анын жыйынтыгын эл сезгенде гана толук ачылат.
“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы эң оболу биздин элибиз үчүн маанилүү.
Жаңы жумуш орундары, кирешенин жаңы булактары, ишкердиктин өнүгүшү, заманбап кесиптердин пайда болушу жана өлкө экономикасынын бекемделиши элдин жашоо-турмушуна түздөн-түз оң таасирин тийгизет.
Сиздерге маалым болгондой, финансылык инвестициялык атайын аймакка компаниялар келгенде, алар менен кошо куруучуларга, жеткирүүчүлөргө, транспорттук компанияларга, мейманканаларга, ресторандарга, сервистик мекемелерге, фермерлерге жана ишкерлерге жаңы буйрутмалар келет.
Ошентип бул долбоор элибизге жумуш, бизнеске жаңы мүмкүнчүлүк, ал эми мамлекетке экономикалык өсүүнүн жаңы булактарын берет.
Урматтуу дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр!
Мамлекет, бизнес, эл аралык институттар жана эксперттик коомчулуктун өз ара пайдалуу кызматташтыгы үчүн бирдиктүү логикада иштей ала турган аянтча катары бул инвестициялык аймактын ачылышына Сиздердин катышууңуздар өзгөчө мааниге ээ.
Дүйнөдө күчтүү институттар, түшүнүктүү эрежелер жана сапаттуу сервис экономиканы кантип өзгөртө аларына айкын мисалдар бар.
Маселен, Дубай инвестор алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон чөйрөнү, заманбап жөнгө салууну, узак мөөнөттүү келечекти көргөндө гана эл аралык финансылык борбор түзүлөрүн көрсөттү.
Ал эми Сингапур өлкөнүн чоңдугу анын дүйнөлүк экономикадагы ордун аныктабастыгын далилдеди.
Люксембург болсо адистешүү, ишенимдүүлүк жана эл аралык капитал менен иштей билүү аркылуу Европанын маанилүү финансылык борборлорунун бирине айланды.
Биз бул өлкөлөрдүн тажрыйбасынан натыйжалуулугу далилденген, текшерилген үлгүлөрдү алып, аларды Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктары,
Ысык-Көлдүн уникалдуу жайгашуусу, адамдык потенциалыбыз менен айкалыштырууга аракеттендик.
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн дүйнөдө атаандаштык товарлар жана ресурстар үчүн гана жүрүп жаткан жок.
Капитал, технологиялар, фонддор, башкаруучу командалар, кепилдиктер жана чечимдердин ыкчамдыгы үчүн да күчтүү таймаш жүрүүдө.
Мына ушундай айыгышкан атаандаштыкка биз конкреттүү максат, түшүнүктүү жана жөнөкөй эрежелер, ошондой эле Кыргызстандын дараметине болгон ишеним менен кирип жатабыз.
Биздин өлкө мындан ары ири инвестициялык процесстерге сырттан гана байкоо салган өлкө болбойт.
Биз өзүбүз жаңы өнүгүү чектерин, инвесторлордун ишенимин бекемдеген шарттарды жана өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз.
Инвесторлор үчүн “Тамчы” инвестициялык аймагы укуктук кепилдиктерди, түшүнүктүү, так тартип-эрежелерди, узакка иштей турган ишенимдүү системаны өздөштүрө турган аймакка айланат.
Анда банктык, инвестициялык, брокердик, фонддук, санариптик финансылык сервистерди, камсыздандырууну, активдерди башкарууну, инвестициялык фонддорду, трасттарды жана башка заманбап багыттарды өнүктүрүүгө шарт түзүлөт.
“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагында коммерциялык жана инвестициялык талаштарды калыс кароого багытталган, бейтарап, ишенимдүү жана эл аралык деңгээлде таанылган, Англис укугунун негизинде иштеген эл аралык борбордун түзүлүшү да өзгөчө мааниге ээ.
Мындай маанилүү кадам аталган долбоорго болгон ишенимди күчөтүп, “Тамчынын” укуктук архитектурасын негизги атаандаштык артыкчылыктарынын бирине айлантат.
Мындан улам, биз жогорку суроо-талапка ээ боло турган борборду түзүү боюнча бийик талап коюп жатабыз.
Урматтуу замандаштар!
Улуттук потенциал менен дүйнөлүк экспертизанын айкалышы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат.
Мында убактылуу долбоор эмес, узак мөөнөттүү институт түзүлүп жатат. Айрыкча, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны үчүн маанилүү болгон маселеге токтоло кетейин. Кеп баарыбыз сыймыктанган Ысык-Көлүбүздүн экосистемасын сактоо жөнүндө болуп жатат. Мен өлкө башчысы катары бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада "Тамчы" атайын аймагын өнүктүрүү дал ушул көлүбүздү, ажайып кооз жаратылышыбызды сактоо талаптарын толук эске алуу менен ишке ашырыларын ачык айта кетейин. Табияттын бермети болгон Ысык-Көл – биздин улуттук байлыгыбыз, өлкөбүздүн өзгөчө символу.
“Тамчы” атайын аймагындагы кандай долбоор демилгеленбесин, экологиялык талаптарды эске алуу менен гана, тыкыр көзөмөл астында ишке ашырылат.
Аталган долбоордун алкагында Ысык-Көлдүн жээгинде жогорку деңгээлдеги туристтик инфратүзүмдү өнүктүрүү мерчемделүүдө.
Натыйжада ишкерлердин ишмердүүлүгү сапаттуу эс алуу, заманбап мейманканалар, конференц-мүмкүнчүлүктөр, сервис жана эл аралык иш-чаралар менен коштолот. Бул өлкөнүн эл аралык имиджи үчүн өтө маанилүү.
Эл аралык инвесторлор үчүн “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы Кыргызстан ачык, так, заманбап стандарттар жана принциптер боюнча иштөөгө даяр өлкө деген белгини туюндурат.
“Тамчы” аркылуу биз дүйнөгө ишенимдүү, туруктуу жана жогорку деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү жаңы Кыргызстанды таанытабыз.
Кадырлуу меймандар, Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады.
Бүгүн алдыбызда чоң-чоң милдеттер турат. Өлкөбүзгө экономиканын масштабын өзгөртө турган долбоорлор зарыл. Бизде таланттуу жаштар, күчтүү адам капиталы, ыңгайлуу шарт-жагдай, табигый байлыктар бар.
Эң башкысы, саясий эрк жана өнүгүүнүн так багыты бар. Бүгүнкү күндө мындай артыкчылыктарыбыз конкреттүү жыйынтыктарга: күчтүү экономикага, заманбап жумуш орундарынын түзүлүшүнө, сапаттуу инфратүзүмгө, элибиздин киреше булактарынын кеңейишине, өлкөнүн ишенимдүү келечегине алып келүүдө.
Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
Биз Кыргызстандын заманбап, дүйнөгө ачык, атаандаштыкка жөндөмдүү жана өз күчүнө ишенген визиттик карточкасын түзүүдөбүз.
Кыргызстанда жаңы деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашыруугамүмкүнчүлүктөр арбын.
Муну биз бүгүнкү иш-чара менен тастыктап жатабыз.
Кыргызстан – масштабдуу ой жүгүртүп, заманбап институттарды түзө алган, инвестиция, технология, эрежелердин туруктуулугу жаатында дүйнөлүк атаандаштыкка ишенимдүү кирип жаткан өлкө экенине мынакей “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы далил!
Бул жерде резиденттерди региондо мурда мүмкүн болбогон нерселерди курууга шарт түзгөн чөйрө күтүүдө.
Мунун баары Евразиянын эң кооз жеринде, Ала-Тоосу курчаган кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан.
Мен “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы бүтүндөй региондун инвестициялык экономикасынын тарыхында жаңы барак ачарына жана дүйнөнүн алдыңкы эл аралык финансылык-инновациялык жана туристтик борборлорунун бирине айланарына бекем ишенем.
Анда эмесе, “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагына кош келиңиздер!
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!”.
