Норвегия Бразилияны сенсациялуу түрдө жеңип, чейрек финалга чыкты
Новость

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычында Норвегия менен Бразилия курамалары беттешип, жыйынтыгы сенсацияга айланды. Норвегиянын курама командасы Бразилияны 2:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алды. 

Норвегиялык чабуулчу Эрлинг Холанд 79- жана 90-мүнөттөрдө гол киргизип, командасына маанилүү жеңиш алып келди. 90+10 кошумча берилген мүнөттө бразилиялык Неймар пенальтиден гол киргизди. 

Эми норвегиялыктар кийинки баскычта Англия менен күч сынашат.

Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.