Бир жума ичинде 24 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Новость

 2026-жылдын 29-июнунан 4-июлуна чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча 24 985 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Катталган мыйзам бузуулардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу – 2 539;
  • Мас абалында транспорт каражатын башкаруу – 362;
  • Автоунаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 193;
  • Жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу – 1 238;
  • Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 502;
  • Автоээнбаштык – 52;
  • Белгиленген ылдамдык чектөөсүн ашыруу – 2 135;
  • Жалган мамлекеттик номер белгиси менен транспорт каражатын башкаруу – 6;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 267.

Маалыматка ылайык ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 691 автоунаа убактылуу токтотулуучу айып короо жайына киргизилди.