Баткенде Эльмира Раззакованын катышуусунда бир катар иш-чаралар өтөт
Новость

Бүгүн, 6-июлда мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова жана небереси Берк Раззаков Баткен облусуна келди.

Аларды Раззаков шаарындагы аэропорттон облус башчысы Мамыржан Рахимов жана жергиликтүү жетекчилер тосуп алышты.

Сапардын жүрүшүндө Эльмира Раззакова атасынын туулуп-өскөн жери Коросон айылына барып, Исхак Раззаковдун күмбөзүнө куран окуп, бата кылат.

Мындан тышкары, анын Раззаков шаарындагы Исхак Раззаков музейлер комплекси менен таанышуусу, ошондой эле Лейлек районунун, Сүлүктү шаарынын жана Кулунду айылынын тургундары, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер менен жолугушуусу пландалган.