Кыргызстанда апта соңуна чейин 39 градуска чейин ысык болот
Новость

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 6–12-июль күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы ысык болуп, күндүн табы акырындык менен жогорулайт.

Бишкек шаарында күндүз абанын температурасы 32…37 градуска, түнкүсүн 18…23 градуска чейин жетет.

Ош шаарында жана өлкөнүн түштүк аймактарында ысык күчөп, күндүз 37…39 градуска, түнкүсүн 22…24 градуска чейин көтөрүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө да абанын температурасы 34…39 градуска чейин жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда аба салыштырмалуу салкын болуп, күндүз 21…28 градус, түнкүсүн 9…18 градус болот.

Нарын облусунда күндүз 20…29 градус, түнкүсүн 7…14 градус жылуу болсо, бийик тоолуу райондордо күндүз 8…15 градус, түнкүсүн -2…5 градус болот.

Тоолуу ашууларда жана бийик тоолуу аймактарда абанын температурасы төмөн бойдон сакталат. Ал эми өлкөнүн өрөөндөрүндө аптанын экинчи жарымында ысык күчөп, түштүк аймактарда 39 градуска чейин жетери болжолдонууда.