Баткенде жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаран жоопкерчиликке тартылды
Новость

Баткен облусунун Кадамжай районунда жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаранга 62,5 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен регионалдык башкармалыгы жүргүзгөн кезектеги рейд учурунда С.К. аттуу жаран тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок бир баш жапайы каманды мыйзамсыз атканы аныкталган.

Аталган факты боюнча жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 12 500 сом административдик айып пул салынды. Мындан тышкары, жапайы жаратылышка келтирилген зыян үчүн 50 миң сом өлчөмүндө доо эсептелди.

Министрлик жапайы жаныбарлар мамлекеттин өзгөчө коргоосунда экенин белгилеп, мыйзамсыз аңчылык биологиялык ар түрдүүлүккө жана экологиялык тең салмактуулукка олуттуу зыян келтирерин эскертти.

Ошондой эле жарандарды аңчылык жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, мыйзамсыз аңчылыкка жол бергендер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын билдирди.