Бишкектин түштүк тарабында курулушу пландалып жаткан медициналык шаарчанын жанынан медициналык кызматкерлер үчүн ипотекалык турак жайлар салынат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Министрдин айтымында, долбоордун алкагында 5 миң дарыгерди кезексиз ипотекалык турак жай менен камсыздоо каралган. Учурда бул үйлөрдүн курулушу баштала элек.
"Медициналык шаарча куруу боюнча ири долбоор алдыда турат. Анын жанына медициналык кызматкерлер үчүн көп батирлүү турак жайлар курулат. Жыйынтыгында 5 миң дарыгер ошол жерден турак жай менен камсыз болот. Азырынча даяр батирлер жок. Жакын арада болжол менен 2 миң дарыгерге турак жай берүү пландалып, тиешелүү тизмелер түзүлүп бүттү" - деди Осмонов.
Ал ошондой эле турак жайларды бөлүштүрүүдө кезек тартиби сөзсүз эске алынарын белгиледи.