Ошто 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында 98 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени аныкталды
Новость

Ош шаарында документи жок жүргөн балдарды документтештирүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында 98 окуучу автоматташтырылган маалыматтык тутумга катталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. 

Маалыматка караганда Ош шаардык мэриясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссия кезексиз жыйын өткөрүп, атайын мекемелер аралык жумушчу топ түзгөн.

Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү март-апрель айларында шаардагы үч мектепте мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгында 382 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени аныкталган. Анын ичинде 187 окуучу М.Турсунзаде атындагы №13 мектепте окуса, 112 Тажиматов атындагы №57 мектепте, дагы 83 "ВЛКСМ" мектебинде билим алышат.

Ошондой эле алардын ичинен 92 окуучу 9-классты аяктап жаткандыктан, өздүгүн тастыктаган документтери жок болгондуктан негизги жалпы билим тууралуу күбөлүк ала албай калуу коркунучунда болгону белгиленген.

Мониторинг учурунда Билим берүү министрлиги документи жок окуучуларга убактылуу шарттуу персоналдык идентификациялык номер (ПИН) ыйгарып, АИСке каттаганы маалым болгон.

Жумушчу топ май айында Ош шаарындагы конуштарда ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, документтештирүүнүн мааниси боюнча укуктук кеңештерди берген.

Натыйжада 98 окуучу АИСке катталып, алардын айрымдары биринчи жолу туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышса, башкалары жоголгон документтерин калыбына келтиришти.

Учурда жумушчу топ калган балдарды документтештирүү иштерин улантып жатат.