ШКУ саммити учурунда Бишкекте жол кыймылы чектелет. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.
Билдирүүнүн тексти:
Урматтуу кыргызстандыктар!
30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы болот.
Өлкөбүзгө биринчи жолу 21 мамлекеттин жетекчилери бир учурда келишет. Айрымдары биринчи айымдар менен.
Себеби айрым президенттердин Кыргызстанга мамлекеттик сапарлары болмокчу.
Ошондуктан Бишкек шаарынын тургундарынан сураныч: ушул күндөрү Ысык-Көлгө же башка эс алуучу жайларга барып турсаңыздар.
Болбосо шаар ичинде өзүңүздөргө эле ыңгайсыз болот. Үч күн бою жолдор тез-тез жабылып турат.
Мектеп окуучулары жана Жогорку окуу жайлардын студенттери 15-сентябрдан баштап окуп башташат. 1-сентябрга карата Бишкекке шашылыштын кереги жок.
Ошондуктан эс алуу күндөрүңүздөрдү 15-сентябрга чейин азыртадан баштап пландасаңыздар болот.