Жеке ишкерлерди кайра каттоо кызматын салык органдарына барбай эле cabinet.salyk.kg аркылуу онлайн алууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда арызды кароо мөөнөтү эми болгону 5–10 мүнөттү алат. Кызмат 24/7 режиминде дүйнөнүн каалаган жеринен жеткиликтүү.
Онлайн түрдө төмөнкүлөрдү өзгөртүүгө болот:
- реквизиттерди;
- ишмердүүлүктүн түрлөрүн;
- салык режимин;
- юридикалык даректи (район ичинде же башка районго көчкөндө).
Процесс толугу менен автоматташтырылган жана салык органына жеке кайрылуунун зарылдыгы жок.
Салык кызматы санариптик кызматтарды мындан ары да өнүктүрүп, аларды ишкерлер үчүн дагы жөнөкөй, ыкчам жана ыңгайлуу кылууну улантат.