Кыргызстандын аймактарында батир сатып алуу үчүн жаңы шарттар күчүнө кирди. Бирок өзгөртүүлөр Бишкек жана Ош шаарларына тиешелүү эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Жаңы тартипке ылайык, батирдин баасынын 30 пайыз баштапкы төлөм катары төлөнөт.
Калган 20 пайыз батирди алганга чейин төлөнүшү керек. Бул сумма үчүн белгиленген төлөм графиги каралган эмес. Жарандар өздөрүнө ыңгайлуу болгон өлчөмдө каалаган убакта төлөп, батирди алганга чейин жалпы 50 пайыздык төлөмдү бүтүрүүгө тийиш.
Ал эми батир пайдаланууга берилгенден кийин калган 50 пайыз каражатты 15 жылга чейин, жылдык 8 пайыз үстөк менен төлөм графигине ылайык төлөөгө мүмкүнчүлүк берилет.
Жаңы шарттар өлкөнүн аймактарында турак жай сатып алууну жеңилдетүүгө багытталган.