Өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүүдө
Новость

Күндүн экинчи жарымында жана  8-июлда  өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Буга байланыштуу тоолуу райондордо жана дарыяларга жакын аймактарда сел жүрүү, суунун деңгээлинин көтөрүлүшү, ошондой эле жер көчкү коркунучу жаралышы мүмкүн.

Жарандарга зарылчылык болбосо тоолуу аймактарга барбоо, кооптуу тилкелерден алыс болуу жана өзгөчө сактык чараларын көрүү сунушталат.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 кызматына кайрылуу зарыл.