Президентке электрондук кайрылуу эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу жеткиликтүү
Новость

Эми  Президент Садыр Жапаровго "Түндүк" мамлекеттик мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук кайрылуу жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бул кызматтын алкагында жарандар кагаз түрүндө арыз жазбастан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жеке кайрылбастан, электрондук форматта кайрылууларын жөнөтө алышат. Ошондой эле кайрылууга расмий документтерди, сүрөттөрдү жана башка тастыктоочу материалдарды тиркөө мүмкүнчүлүгү каралган.

Жөнөтүлгөн ар бир кайрылуу белгиленген тартипте расмий каттоодон өткөрүлөт. Андан соң кайрылуунун каралуу жүрүшүн жана анын учурдагы статусун көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү камсыздалат.

Аталган кызматтан пайдалануу үчүн "Түндүк"  мамлекеттик мобилдик тиркемесин акыркы нускасына чейин жаңыртып, башкы беттеги «Президентке кайрылуу» бөлүмүн тандоо жетиштүү.