Бишкектеги көп кабаттуу үйдө чыккан өрт боюнча курулуш компаниясына чара көрүлдү
Новость

Бүгүн, 7-июлда эртең менен саат 09:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы Б. Юнусалиев көчөсүнүн 16-дарегинде жайгашкан 16 кабаттуу турак жай комплексинде өрт чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуядан кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери жеринде текшерүү жүргүзүшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өрт имараттын жер алдындагы унаа токтотуучу жайынын үстүңкү бөлүгүндө чыккандыгы аныкталган. Алдын ала маалымат боюнча, өрт унаа токтотуучу жай тараптагы курулуш калдыктарынын күйүп кетишинен улам тутанган.

Министрлик билдиргендей, өрт тууралуу автоматтык сигнал берүүчү система өз убагында иштеп, өрт ыкчам көзөмөлгө алынган. Натыйжада имараттын негизги конструкцияларына жана инженердик тутумдарына зыян келтирилген эмес. Өрттүн так себеби учурда тиешелүү органдар тарабынан иликтенип жатат.

Бул факты боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Борсан Констракшн" ЖЧКсына коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн жеринде акт түзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Компанияга курулуш аянтчасындагы коопсуздук чараларын күчөтүү, курулуш иштерин уюштуруу боюнча талаптарды так сактоо, өрт коопсуздугу жана эмгекти коргоо эрежелеринин толук аткарылышын камсыз кылуу милдеттендирилди. Ошондой эле объект боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт коопсуздугу кызматынын тиешелүү корутундусун алуу тапшырмасы берилди.