Садыр Жапаров Пакистан Президенти Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда, Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири багыттары боюнча кенен пикир алышты.
Садыр Жапаров жогорку даражалуу конок менен саламдашып, өткөн жылдын декабрь айында Исламабад шаарына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн сүйлөшүүлөрдү эске салды.
Мамлекет башчысы ошол жолугушуулар кыргыз-пакистан мамилелеринде жаңы баракты ачып, өз ара саясий ишенимди чыңдоого жана эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө бекем негиз түзгөнүн белгиледи.
Көп кылымдык достук жана өз ара сый-урмат мамилелерине таянып, Президент Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы ишенимдүү жана артыкчылыктуу өнөктөш катары карай турганын ырастады.
“Бүгүнкү жолугушуубуз кызматташтыгыбызга жаңы мазмун берип, саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды сапаттуу деңгээлге чыгарууга жакшы мүмкүнчүлүк берет деп ишенем”, - деди Садыр Жапаров. 
Бул контекстте ал Эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү үчүн бизнес-форумдарды, көргөзмөлөрдү жана B2B жолугушууларды байма-бай өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан халал-индустрия, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, логистика, туризм, энергетика жана өнөр жай тармактарындагы долбоорлорду Пакистан менен биргеликте илгерилетүүгө даярдыгын айтты.
Өз кезегинде Асиф Али Зардари соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Ошондой эле ал Президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп ийгиликтүү шайланышы менен куттуктады. Өлкөнүн жаңы макамы эл аралык аренада жалпы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы аракеттерге натыйжалуу салым кошууга мүмкүнчүлүк берери өзгөчө белгиленди.
Асиф Али Зардари Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даяр экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жалпы тарыхый жана маданий байланыштардын бекем пайдубалына негизделгенин айтты.
“Географиялык жакындык жана континенттеги жалпы тарыхый мурас эки элди тарыхый жактан жакындатып келген. Бүгүнкү күндө өнөктөштүгүбүздү мындан ары чыңдоого жана тереңдетүүгө эч кандай тоскоолдук жок”, — деди Пакистандын Президенти.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда лидерлер үзгүлтүксүз саясий диалогду улантууга жана бардык деңгээлдердеги байланыштарды активдештирүүгө өз ара даяр экенин ырасташты.
Бул ниеттерди иш жүзүндө бекемдөө максатында тараптар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын Биргелешкен билдирүүгө кол коюу менен бекемдешти. Аталган документ стратегиялык өнөктөштүктү түзүүгө өзөк болуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүнүн негизги багыттарын аныктады.