Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Жал кичи районундагы 29/8 дарегинде жайгашкан №80 орто мектептин аймагында заманбап спорт комплексинин курулушун улантууда.
Долбоордун негизги максаты — окуучулар жана жашоочулар үчүн дене тарбия жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Жаңы спорт комплексинин аймагында кең спорт залы, футбол аянтчасы, чуркоо жолу, воркаут аянтчасы жана көрктөндүрүлгөн эс алуу аймактары жайгашат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,981 гектарды түзөт.
Имарат заманбап курулуш материалдары жана технологиялары колдонулуп курулууда. Долбоорго ылайык, монолиттүү темир-бетон пайдубал, металл каркас, сэндвич-панелдерден жасалган сырткы дубалдар, металл тепкичтер жана металл устундарга орнотулган чатыр каралган.
Курулуш иштерин «Алтрейд» ЖЧКсы жүргүзүүдө.
Жаңы спорт комплекси пайдаланууга берилгенден кийин окуучулар үчүн дене тарбия сабактарын өткөрүүгө жана ар кандай спорттук иш-чараларды уюштурууга заманбап мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.



